Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова башка кызматка дайындалганына байланыштуу иштен кетти. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.
Министрдин милдетин аткаруучу болуп Равшанбек Сабиров дайындалды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат.
Полотова Минкабда жетекчилик кызматты аркалаган саналуу айымдардын бири болчу. Азыр эки гана министр айым бар — санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кунтаева менен билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева.
Статистикага ылайык, жетекчи болуп иштеген жана мамлекеттик кызматты аркалаган аялдар аз.
Былтыр Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова мамлекеттик органдарда гендертик баланстын сакталышына мониторинг кылуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштаган эле.