«Социал-демократтар» партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков 20 күн мурда, тагыраагы кармалган 13-ноябрдан тарта ачкачылык жарыялаган.
2-декабрда Бишкек шаардык соту Султанбеков, партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверди абакта калтырууну чечкен. Алар 13-январга чейин камакта болот.
Саясатчынын адвокаты ачкачылыктын 10-күнүндө дарыгерлер Султанбековдун ден соолугу текшерип, дене табынын түшүп жатканын белгилешкенин айткан.
Ал эми тарапташтары Султанбекоду көргөнү абакка барганда анын манжалары менен тырмактары көгөрүп, сегиз килге арыктап кеткенин байкашкан.
Укук коргоо органдары 13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штабын тинтиген. Кийин Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаевдин «добуш сатып алуу жөнүндө сүйлөшүп жатат» деген үн жаздыруусу тараган.
Милиция тергөө учурунда алар шайлоочулардын добушун сатып алууну уюштурганы аныкталганын билдирген. Бишкектин Свердлов райондук соту партия лидери Темирлан Султанбековду жана мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Турксеверди камакка алган.
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрда өткөн. Бирок ага «Социал-демократтар» партиясы иш козголгондуктан катыша алган эмес.