Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды коопсуздук максатында жергиликтүү бийликтердин көрсөтмөлөрүн так аткарууга жана эл көп катышкан, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга барбоого чакырды.
Кыргыз жарандары өзгөчө кырдаал жаралса +82 10 9798 0951 номуру аркылуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине кайрылса болот.
Учурда президент Садыр Жапаров министрлердин делегациясы менен бирге Сеулда расмий сапар менен жүрөт.
3-декабрь күнү кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал киргизүүгө жана парламенттин ишин токтотууга аракет кылган. Анын айтымында, коркунуч Түндүк Корея тараптан да, жергиликтүү «антимамлекеттик элементтерден» да келүүдө жана аны жоюу керек. Ошол эле маалда президент түндүктөн кандай коркунуч болуп жатканын тактап айткан жок.
Бир катар ЖМКлардын маалыматына ылайык, бир нече сааттан кийин парламенттеги 300 депутаттын 190у аскердик абалды токтотууну колдоп, президент өз чечимин жокко чыгарды.
Түштүк Кореянын Конституциясына ылайык, депутаттардын көбү колдосо, өлкө парламенти өзгөчө абал режимин жокко чыгара алат.
4-декабрь күнү эртең менен президенттик аппарат толук курамы менен отставкага кетти. Азырынча өлкө башчысы эч кандай жаңы билдирүү жасай элек. Оппозиция болсо президентке импичмент жарыяланышын талап кылууда.