«Бүлүк салгандарды тартипке салабыз». Ташиев өлкөдө сөз эркиндиги бар деп эсептейт

Image descriptionУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө сөз эркиндиги бар деген пикирде. Бул тууралуу ал 5-декабрда Жогорку Кеңеште жемкорлорго жазаны күчөткөн мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Жыйында Элдар Абакиров коррупция менен күрөштө сөз эркиндиги да маанилүү экенин белгилеп, азыркы ири коррупционерлердин бети кезинде журналисттик иликтөөлөрдөн кийин ачылганын эске салды.

«Кыргызстанда толук бойдон эркиндик бар. Кайсы журналист эмнени кааласа, кандай кааласа, ошону жазса болот. Акыркы жылдары алардан талап кылып жатабыз. Калп нерсени, мамлекеттик тынчтыкка бүлүк салган адамдары жазага татышыбыз керек», — деди Ташиев.

Бул жыл журналисттерди жапырт кармоо, сотто жана басылмалардын ишин бөгөттөө менен коштолду. Медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги чектелип, ЖМКга басым күчөгөнүн айтууда. Бирок президент баштаган бийлик өкүлдөрү андай эмес экенин кайталап келет.