Чүй облусунда ала качууга шектелгендер кармалды

Image description5-декабрь күнү кечинде Бишкекте 24 жаштагы кызды ала качып кетишкен.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан окуя саат 21:20ларда болгонун билдиришти. Милицияга маалымат түшөрү менен Бишкекте жана Чүй облусунда «Перехват» планы жарыяланган.

Түнкү саат 12ге жакын укук коргоо органдары Жайыл районундагы «Сосновка» постунан үч шектүүнү кармашкан.

Алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө башкармалыгына жеткирилип, териштирүү иштери башталды.