УКМК эки чек ара кызматкерин акчалай сыйлык үчүн чет элдик жаранга кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүсүнө көмөктөшүүгө аракет кылган деп шектеп кармады.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузганы үчүн чет элдик жаранга өлкөдөн чыгууга убактылуу тыюу салынып, зыяндын ордун толтуруу үчүн ири өлчөмдө акча төлөө милдеттендирилген. Ал чек арачылардын көмөгү үчүн Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү менен келишимге барганы айтылат.
Эки шектүү азыр тергөө абагында, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин УКМК Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда аткез жүктөрдү өткөрүүгө көмөктөшүүгө шектелген сегиз чек арачы менен жөнөкөй тургунду колго түшүргөн болчу.