Мэриянын кызматкерлери экология министрлиги жана кайгуул милициясы менен бирге рейд уюштуруп, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Катализатор — унаанын түтүн чыккан бөлүгүндө зыяндуу бөлүкчөлөрдү чыпкалаган түзүлүш.
«Мэрия айдоочуларга шарт түзүп берип жатат. Эгер катализаторлору жок болсо, базарда кымбат дешсе, биздин автобазабызда бар, катализаторлорду ошол жерден дароо салып берүүгө шарт түзүлүүдө», — деди мэриянын жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Уланбек Бейшеналиев.
Акыркы бир нече жылдан бери Бишкек кышкысын абасы эң эле булганган шаарлардын катарында. Бийликтин убадаларына карабай калаадагы абанын сапаты начар бойдон калууда.
Депутаттар 2022-жылы катализатору жок унаалардын айдоочуларына айып салууну сунуштап, бийлик катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга тыюу салган.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, өлкөдө 80%га жакын унааларда катализатор жок, болсо да зыяндуу заттарды толук тазалай албайт.