«Үч жылда бир да митинг болгон жок». Президент өлкөдө туруктуулук орноду деп эсептейт

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда Оштун Өзгөн районундагы акы төлөнүүчү айланма жолдун ачылышында сүйлөп жатып, акыркы үч жылда өлкөдө бир да митинг болбогонун айтып, стабилдүүлүк орноду деп билдирди.

«Стабилдүүлүк орноду, ички дүң продукциябыз өстү. Ошол үчүн тыштан келген инвесторлор азыр кезекке келип тура башташты. Мурда биз инвесторлорду келгиле деп чакырчу элек. Алар келсекпи же жокпу деп тандап турчу. Азыр биз инвесторлорду тандап жатабыз»,
— деди ал.

2022-жылдын март айында Бишкекте митинг өткөрүүгө чектөө киргизилген. Мындай чечим Украинадагы согушка каршы митингдерден кийин кабыл алынган. Ошондон бери тыюу ар үч ай сайын узартылып келет. Ушундай эле чектөө аймактарда да киргизилген.

Медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар акыркы жылдары өлкөдө сөз эркиндиги чектелип, ЖМКга басым күчөгөнүн айтууда. Быйыл журналисттерди жапырт кармоо, активистттерди айыпка жыгуу жана басылмалардын ишин бөгөттөө менен коштолду.

Бирок президент баштаган бийлик өкүлдөрү сөз эркиндиги бар деп кайталап келет. Ошондой эле акыркы жылдары экономика өсүп, тургундарга шарттар түзүлүп жатканын белгилеп кели