Парламенттин экс-төрагасы Канатбек Исаев үй камагына чыкты

Image descriptionБишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Канатбек Исаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу адвокат Бакыт Осмоналиевге таянып бир нече басылма жазды.

Жактоочунун айтымында, 6-декабрда сот адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырып, Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.

Буга чейин сот анын абактагы мөөнөтүн 27-январга чейин узартканы айтылган.

Исаев 20-ноябрда кармалган. Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп шектелүүдө.

Исаев айыптоолорду четке кагып, аны кылмыштуу топ менен кантип байланыштырып коюшканын түшүнбөй жатканын айткан.