Сокулуктагы бала бакчада беш жашар кыз чарчап калды

Чүй облусунун Сокулук айылындагы «Алтын Балалык» бала бакчасында беш жаштагы кыз чарчап калган. Окуя 22-октябрда болгонун кыздын апасы black_list.kg инстаграм баракчасына билдирди.

Анын айтымында, түштөн кийин уктаган кызы ойгонбой жатканын тарбиячыга бакчадагы кыздардын бири билдирген. Андан соң ал жакка кыздын таенеси чакырылып, аны реанимацияга жеткиришкен.

«Ооруканадан бир канча убакыт өткөндөн кийин кызым чарчап калганын айтышкан. Кийинчерээк анын бала бакчада эле каза болгону аныкталган [...] Мен соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө уруксат бердим. Бир айдан кийин кызым кусундуга какап калганын билдиришти. Мындан тышкары башынын желкесине жакын жеринде анча чоң эмес уюган кат табылганын айтышты»,
— деди ал.

Кыздын апасы милиция гистологиянын жыйынтыгы чыкканга чейин ишти токтотуп койгонуна даттанды. Ал милиция анын «суроолоруна жана телефон чалууларына жооп бербей калганын» кошумчалады.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кыздын өлүмүн иликтөө үчүн тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөнүн билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, кыз түштөн кийин уктардын алдында үшүп жатканын айтып, тарбиячыдан кийимчен уктоого уруксат сураган. Кийин тарбиячы кызды тургузууга аракет кылганда ал ойгонгон эмес.

Милициядан иш өзгөчө көзөмөлгө алынганын белгилешти.