❗️Сот Райымбек Матраимовду 100 миң сом айыпка жыкты

Мындай чечимди 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Сот коррупция боюнча күнөөсүн моюндаган мурдагы бажычыны «курал колдонуу же колдонууга аракет кылуу менен чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» боюнча күнөөлүү деп тапты.

25-ноябрда Матраимов Башкы прокуратуранын прокурору менен күнөөсүн мойнуна алганы тууралуу келишимге кол койгону, кийин аны судья кабыл алганы айтылат.

Сот ошол негизде жана материалдык зыяндын ордун толтурганы үчүн Матраимовду кылмыш жообуна тартпай, айып салуу менен чектелгени белгиленди.

11-ноябрда Биринчи май райондук соту бир жарым жылдан ашык абакта жаткан Матраимовду үй камагына чыгарган. Эртеси УКМК төрагасы Ташиев Матраимов мамлекетке 200 миллион доллар төлөп берген соң абактан чыкканын билдирген.

Матраимов 26-мартта Азербайжандан Бишкекке алып келинип, камакка алынган. Ал эми 11-ноябрда Биринчи май райондук соту аны эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.

УКМК Матраимов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «тыгыз байланышта» болгон деп билдирген. Аны менен кошо анын үч бир тууганы да кармалган.

2021-жылы сот Матраимовду коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыпка жыккан. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары күнөөсүн моюндап, казынага 2 миллиар сом төлөп берүүгө макул болгон.