Бишкекте көп тармактуу үч жол кесилишин куруу пландалууда

Кийинки жылы Бишкекте эстакадалык көпүрөлөрдүн жана көп тармактуу жол кесилиштеринин курулушу башталышы мүмкүн. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев AKIpress агенттигине курган маегинде билдирди.

Мэрдин айтымында, бул долбоорлор көптөн бери талкууланып келген жана мэрия каржылоо алуу үчүн аларды кытай тарапка жөнөттү.

«Үчүнчү фазасына 220 млн юань, төртүнчү фазасына 326 юань керек болот», — деди мэр.

Жунушалиев көп тармактуу бул жол кесилиштерин төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштеринде куруу пландалып жатканын белгиледи:

  • Жибек Жолу проспектиси менен Фучик көчөсү
  • Лев Толстой жана Фучик көчөлөрү
  • Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульвары