Ошто социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө

Image descriptionОшто аймактардан келген сегиз сүрөтчүнүн өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган эмгектери көргөзмөгө коюлду. Ал 5-24-декабрь күндөрү Тургунбай Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейинде болот.

Ар бир катышуучу живопись, графика, инсталляция, скульптура жана декоративдик искусство жанрларында төрттөн чыгарма жараткан.

Алгач өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген сегиз сүрөтчү тандалып, атайын окуудан өткөн. Алар Ташкент, Чымкент шаарларында жергиликтүү сүрөтчүлөр менен таанышып, тажрыйба алмашкан.

Катышуучулар каржылык колдоо алып, эмгектерин үч айда жасашкан. Долбоор аймактардагы жаш сүрөтчүлөрдү колдоого багытталган.