Президент Садыр Жапаров 10-декабрь Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады. Ал Кыргызстандын конституциясы, мыйзамдары, мамлекеттик башкаруу системасынын пайдубалы «адам укуктарынын корголушуна» негизделип түптөлгөнүн белгиледи.
«Ата мекенибизде ар бириңиздер ар дайым укуктарыңыздардын корголгонун сезип, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушуңуздарды каалайм. Коомубузда ар дайым бири-бирин урматтоо, ынтымак жана адилеттүүлүк өкүм сүрсүн! Эң башкы баалуулугубузду – адам укуктары менен эркиндиктерин жана укуктук мамлекеттин негиздерин биргеликте бекемдейли»,
— деди президент.
Ал өткөн он жылдыкта адам укуктарынын жалпы декларациясы адам укугун коргоонун эл аралык стандарттары үчүн үлгү болуп, көптөгөн өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды тиешелүү улуттук мыйзамдарды иштеп чыгууга шыктандырганын кошумчалады.
«Бул жааттагы жетишкендиктерибизди адам укуктары боюнча эл аралык негизги келишимдерге кошулуу, милдеттенмелердин аткарылышы боюнча эл аралык платформаларга үзгүлтүксүз маалымат берүү, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланышы дагы тастыктайт»,
— деди Жапаров.
Акыркы жылдары Кыргызстанда адам укуктарын коргоо маселеси өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Жарандардын митингдерге жана тынч жыйындарга чыгуу укуктарынын чектелиши, сөз эркиндигине болгон кысым, медиа жана интернет эркиндигинин чектелиши эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет.