Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулунун бөгөт чарасын өзгөртүп, тергөө абагынан бошотту.
Маалыматка ылайык, мындай өкүмгө араздашкан тараптардын жарашканы негиз болгон.
Акжол уулу 12-августта кармалганы кабарланган. Алгач ага Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу видео чыккандан кийин ачылган WhatsApp тайпадагы билдирүүлөргө байланыштуу «массалык башаламандыкка чакыруу» айыбы тагылган. Бирок экспертиза анын сөзүндө башаламандыкка чакыруунун белгилерин тапкан эмес, ошого айып «Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренесине өзгөргөн.
Акжол уулуна «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен дагы бир кылмыш иши козголгон. Журналисттин үстүнөн УКМКга Ысык-Көл облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда Акжол уулу 8-июлда YouTube каналында анын катышуусунда тартылган видеону өчүрүү үчүн ири өлчөмдө акча талап кылганын билдирген.
33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин ЭлТР мамлекеттик телеканалынын башкы директорунун орун басары, быйыл марттан июнга чейин УТРКнын башкы директорунун орун басары кызматтарында иштеген.
Акыркы кездери ал түрдүү темаларда видеосюжеттерди жарыялап, өзүнүн YouTube-каналын өнүктүрүү менен алектенип жүргөн. Бүгүнкү күндө анын каналында 797 миң катталуучу бар.