Кыргызстан RSF уюмунун кармалган журналисттер жөнүндөгү баяндамасына кирди

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму (RSF) дүйнөдөгү репрессияга кабылган журналисттер боюнча 2024-жылдын жыйынтыгын жарыялады.

Баяндамага журналисттер камакка алынган, өлтүрүлгөн, дайынсыз жоголгон же барымтада отурган өлкөлөр кирген. Алардын арасында Кыргызстан да бар.

RSF Temirov Live жана Ait Ait Dese долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 11 кызматкеринин иши жөнүндө жазып, өлкөдө иликтөөчү журналисттерди тазалоо жүрүп жатканын билдирди.

«Коррупцияга каршы иликтөөлөрдү жасаган жана YouTube'дагы көз карандысыз Temirov Live жана Айт Айт Десе каналдарына байланышы бар журналисттер январда “башаламандыктарга шыкактоо» айыбы менен камакка алынган», — деп жазылган баяндамада.

Уюмдан бул иш боюнча төрт журналист соттолгонун белгилеп, сот процессинин өзүн «адилетсиз» деп аташты.

10-октябрда Ленин райондук соту жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо айыбы менен кармалган 11 журналистке өкүм чыгарган. Махабат Тажибек кызы алты, акын Азамат Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылса, журналисттер Актилек Капаров менен Айка Бейшекеева үч жылдык пробация менен бошотулган. Иштин калган фигуранттары кылмыштын курамы жок деген негиз менен акталган.