Өлкө боюнча миңден ашык бала бакчага видеокөзөмөл орнотулду

Билим берүү министрлиги өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык 1871 бала бакчанын 1186сына видеокөзөмөл камерасы орнотулганын кабарлады.

Аймактар боюнча видеокөзөмөл орнотулган бала бакчалардын саны:

Ош облусу — 369;
Жалал-Абад облусу — 230;
Ош шаары — 51;
Нарын облусу — 121;
Бишкек шаары — 115;
Ысык-Көл облусу — 87;
Баткен облусу — 81;
Чүй облусу — 79;
Талас облусу — 53.

«Калган 685 бала бакчага да тез арада видеокөзөмөлдү орнотуу талабы коюлду. Министрлик жергиликтүү администрацияларга бала бакчаларда коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында видеокөзөмөл орнотууну сунуштады», — деп айтылат билдирүүдө.

Бир нече күн мурда Чүйдүн Сокулук айылындагы «Алтын Балалык» бала бакчасында беш жаштагы кыз чарчап калганы белгилүү болду. Ага чейин Жалал-Абаддын Сузак районундагы бала бакчада тарбиячылар балдардын бирине кол көтөргөнү айтылган.

Кыргызстанда жыл сайын балдар физикалык, сексуалдык жана эмоцианалдык зомблукка кабылышат. Айрым учурда балдардын өлүмү менен аяктаган да окуялар кездешет.