«Мыйзам чегинде аракет кылууга чакырам». Абактагы Султанбеков Ташиевге жооп берди

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ал тууралуу парламентте айткандарына жооп берди. Анын абактан жазган каты 12-декабрда фейсбук барагына жарыяланды.

Ташиев Султанбеков шайлоо алдында мыйзам бузганы үчүн жооп берерин айткан. Ошондой эле ал «мамлекетти башкарчу кезге жете элек экенин» белгилеп, «өзүн жаш баладай алып жүрсүн» деп эскерткен.

Султанбеков өлкөдө саясий партия шайлоонун алдында жарыштан четтетилип, лидери камакка алынган учур биринчи жолу болуп жатканын, муну менен бийлик алсыздыгын көрсөткөнүн белгиледи.

«Кечээ мени саясий негизде каматканыңызды эл алдында моюндаганыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. “Султанбеков мамлекетти башкаргысы келип жатат” деп ачык эле айттыңыз, бирок добуш сатып алуу боюнча бир ооз сөз кылбадыңыз. Мен сиз айтмакчы, “мамлекетти башкарам” деп Ак үйдү басып алууга аракет кылып, тосмодон ашып түшүп шымымды айрып алган жокмун. Мен ар дайым мыйзам чегинде гана аракет кылам жана сиздерди да ошого чакырам»,
— деп жазды Султанбеков.

Ошондой эле ал кезинде Жусуп Абдрахманов 25 жашында Кыргызстандын алгачкы өкмөтүн түптөгөнүн белгилеп, Ташиевдин трибунада «адамдын жаш-курагына асылганын» сынга алды.

Укук коргоо органдары 13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штабын тинтиген. Көп өтпөй сот партия лидери Темирлан Султанбеков жана мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Турксеверди камакка алган. Султанбеков дээрлик бир айдан бери ачкачылыкта.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрда өткөн. Бирок ага «Социал-демократтар» партиясы иш козголгондуктан катыша алган эмес.