Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, Акылбек Жапаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Бүгүн ал президенттик администрациянын кызматкерлери менен коштошту.
Sputnik Кыргызстан кабарлагандай, өкмөт башчысы жана президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин убактылуу Адылбек Касымалиев — министрлер кабинетинин биринчи орун басары аткарат.
Акылбек Жапаров 2021-жылдын октябрынан тартып Кыргызстандын министрлер кабинетин жетектеп келген.