Данияр Амангалиев экономика министри кызматынан бошотулду

Image descriptionПрезиденттин жарлыгына ылайык, Данияр Амангалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул кызматка аны биротоло бекитүү үчүн Жогорку Кеңешке сунуш берилди.

Буга чейин өкмөттө төраганын биринчи орун басары болуп Адылбек Касымалиев иштеп келген. Ал азыр министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткарып жатат. Анткени Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен.

Президенттин мындай чечимдерин өлкөдөгү башкаруу стилин жакшыртуу ниети менен байланыштырышууда.