«Узакка созулган өчүүлөрдөн сактайт». Жапаров жарык 1-2 саат өчүрүлүп турушу мүмкүн экенин эскертти

Президент Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатканын айтып, таңкыстыкты акыркы 30 жылда бир дагы ГЭС курулбаганы менен түшүндүрдү.

Өлкө башчысы акыркы жылдары ГЭСтер, шамалдан, күндөн энергия алуучу объектилер курулуп жатканы менен каатчылык жоюлбай жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал электр энергиясынын баасы «арзан болгондуктан, эл үнөмдүү пайдаланбай жатат» деген пикирде. Ал электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 72 тыйын болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатылып жатканын кошумчалады.

«Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Жөнөкөй эле бөлмөдөгү жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. [...] Мамлекеттик мекемелер, мектеп, бала-бакчалар “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамиле менен имараттардагы жарыкты өчүрбөй кетишет. Көчөдөгү жарыктарды өчүрбөй коюшат. Ушунун баары таасир этип жатат»,
— деди ал.

Жапаров жарык жетишсиз болгондуктан коңшу өлкөлөрдөн импорттолуп жатканын билдирди. Ал электр зымдары басымды көтөрө албай күйүп кетпеши үчүн энергетиктер жөнгө салуу иштерин жасап жатышканын айтты.

«Элден муну туура түшүнүү менен кабыл алууну суранып кетет элем. Ооба, бир эки саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул өтө көп узакка созулган өчүүлөрдөн сактап турат. Кымбат баалуу трансформаторлор күйүп кетсе, күндөп-түндөп созулган өчүрүүлөр болуп кетет»,
— деди ал.

Жапаров «30 жыл чыдаган элибиз 3-4 жылга чейин бир аз чыдап турса, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат» деп ишендирди.