Шаардык милициядан окуя Жибек-Жолу көчөсүндөгү Чыгыш автобекетинин аймагында болгонун кабарлашты. Анда жубайлардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, күйөөсү аялын бычак менен сайып жибергени айталат.
Милиция кызматкерлери кылмыш болгон жерден 33 жаштагы шектүүнү кармашкан. Ал эми анын жубайы тез жардам келгиче каза болуп калган.
«Спутник Кыргызстан» басылмасы шектүү аялын 20 жолу бычактап салганын жазды.
Ага карата «адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголду. Милициядан окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин айтышты.
Кыргызстанда аялдар күйөөсүнүн, жарандык жолдошунун же тааныш болуп жүргөн кишинин колунан каза тапкан учурлар жыл сайын катталат. Мындай кылмыштар фемицид деп аталат.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, акыркы 2,5 жылда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен 34 аял каза тапкан.