Энергетика министри жарык өчүп жатканы үчүн элден кечирим сурады

Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Биринчи Радионун» эфиринде жарыктын өчүрүлүп жатканына байланыштуу элден кечирим сурады.
Бирок ал мындай чаралар көрүлбөсө, бүтүндөй шаар жарыксыз калышы мүмкүн деп белгиледи.

«Азыр министр парламентте жарык өчүрүүлбөйт деп айткан дешүүдө. Ооба, энергетиктердин негизги милдети — жарыкты ар бир үйгө жеткирүү жана аны 24 саат жети күн бою камсыздоо. […] Жарыксыз сокурдай эле болуп калабыз, түшүнөм. Убакыттык ыңгайсыздыктар бар, бул үчүн кечирим сурайм»,
— деди ал.

Ошол эле учурда министр тургундар электр энергиясын үнөмдөбөй, чектен аша пайдаланып жатышканын белгиледи.

Анын айтымында, электр энергиясын пайдалануу таңкы 7:00 — 9:00 жана кечки 18:00 — 21:00 арасы жогорку чекке жетип жатат. Бул убакыт аралыгында трансформаторлорду бузуп албаш үчүн жарык өчүрүлөт.

«Эгер ушундай убакта, мисалы, Ала-Арча подстанциясын күйгүзүп алсак, оңдоого 120 млн сомго чейин кетет, анда бир гана кичи район эмес, бүтүндөй шаар жарыксыз калат. Биз абоненттерди башкы станцияга же башка подстанцияга бөлүштүрүп жатабыз, ошого 1-2 саатка жарык жок болушу мүмкүн»,
— деди министр.

Ибраев Кыргызстанда резервдик трансформаторлор жок экенин жана жаңы трансформаторду алууга 150-170 күн талап кылынарын, ошондой эле жабдууларды жеткирүүгө бир ай убакыт кетерин белгиледи.

Ага чейин Таалайбек Ибраев кыш мезгилинде атайын өчүрүүлөр болбойт деп билдирген болчу.

11-12-декабрда өлкөдө жарык колдонуу эң жогорку чекке жеткени айтылып, убактылуу өчүрүүлөр болору айтылган. 
Көп өтпөй президент элди дагы үч-төрт жыл чыдап коюуга чакырып, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө маселе толугу менен чечилет деп ишендирген.