«KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 17-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнө кол салып, тез жардам менен Улуттук хирургия борборуна жеткирилди. Бул тууралуу ишкердин адвокаты Нурсултан Жаныбековго таянып «Азаттык» жазды.
Жактоочудан тышкары маалыматты анын иниси Сүйүн Ташов да ырастаган.
Бул боюнча Жаза аткаруу кызматы азырынча эч кандай маалымат беле элек.
Бүгүн 14:00дө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын иши боюнча сот отуруму өтмөк.
Имамидин Ташов 6-декабрда Биринчи май райондук сотунда белгисиз нерсе менен моюнун тилип жиберип, ооруканага жеткирилген. Кийин кайра абакка кайтарылган.
Ишкер 30-октябрда УКМКнын тергөө абагында да өзүнө кол салганы айтылган. Кийин ал Юстиция министрлигине караштуу мекемеде дарыланып, №1 тергөө абагына которулган.
Ташов бийликти күч менен басып алуу, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталып апрелден бери камакта отурат. Акыркы жолу абактагы мөөнөтү 8-февралга узартылган.
Ишкерге кылмыш иши 2024-жылдын башында, ал УКМК кызматкерлерин аны уурдоого жана мыйзамсыз курулуш иши боюнча мамлекетке төгүп берген 52 млн сомдон тышкары, дагы 100 миллион сом талап кылууга айыптаган видеосу жарыялангандан кийин козголгон. Ишкер өзү тагылган айыптарды четке кагууда.