УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрдагы басма сөз жыйынында Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстанда экенин билдирди.
Ташиев мурдагы бажычы мамлекетке жалпысынан 223 млн доллардан же 18 млрд сомдон ашык каражат төлөгөнүн белгиледи.
«Мындан ары криминал менен да, каржы алдамчылыгы менен да алектенбейт. Эгер андай кылса аны кайра жоопкерчиликке тартабыз», — деди УКМК башчысы.
«Матраимов Кыргызстандан качып кетпейби?» деген суроого жооп берген Ташиев “келсе, кетсе бул анын өз эрки” экенин айтты.
«[Эгер] кетип калса — аны ал жактан да таап келебиз», — деди Ташиев.
УКМК башчысы ошондой эле Матраимов Азербайжанга кримтөбөл Камчы Көлбаевдин «жок кылынганына» байланыштуу качып кеткенин белгиледи. Анын айтымында, экс-бажычы ал жактан да өзүнө колдоочу таап алган, мындан улам аны тез арада депортациялоо мүмкүн болгон эмес.
УКМК Райымбек Матраимовду бир туугандары Тилек, Исламбек жана Руслан менен бирге Азербайжандан Бишкекке 2024-жылы мартта алып келген. Анда мекемеден экс-бажычы кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу иштери боюнча камакка алынганын билдиришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимовдун маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «жакын байланышы болгон».
11-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат менен эркиндикке чыгарган. Ага чейин экс-бажычы жарым жылдан ашык ТИЗОдо камакта отурган. Кийинчерээк Ташиев Матраимов мамлекетке $200 млн (17 млрд сомдон ашык) төлөп бергенин билдирген.
6-декабрда Бишкек соту экс-бажычыны курал колдонулган бейбаштык жана чек арадан мыйзамсыз өтүү беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, аны 100 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирген.
2021-жылы сот Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып салган. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары өзү да коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары мамлекеттик бюджетке 2 млрд сом төлөп берүүгө макул болгон.