Жаза атакаруу кызматы камактагы активисттер Зарина Төрөкулова менен Каныкей Аранова катаал шартта жаза өтөө режимине которулганын билдирди.
Маалыматка ылайык, №2 түзөтүү абагында «жаза өтөө тартибин одоно бузган» деп табылган 16 соттолуучу бар.
Мекемеден соттолуучулар түзөтүү абагында жаза өтөөнүн кадимки, катаал жана жеңилдетилген шарттагы режимдеринде кармаларын билдиришти.
«Соттолуучулар кайталап тартип бузбаса, катаал шарттагы режимден кадимки режимге алты айдан кийин которулат»,
— деп билдиришти Жаза аткаруу кызматынан.
Күн мурун укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова активисттер Каныкей Аранова менен Зарина Төрөкулован жаза өтөөнүн катаал шарттагы режимине которулушу мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, бүгүнкү күндө мындай режимге соцтүйүндөрдөгү билдирүүсү үчүн соттолгондор да которула баштады.
Абдирасулова ошондой эле эки активист тең жалгыз бой эне экенин белгилеп, аларды экстремизм жана терроризм беренелери менен соттолгондор отурган жерге которуу — алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратарын билдирген.
Каныкей Аранова быйыл февралда Москвада кармалган. Апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны «бийликти басып алууга чакырык жасоо» жана «кастыкты козутуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 120 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирген. Бирок мамлекеттик айыптоо бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанып, соттук коллегия активистти 3,5 жылга эркинен ажыраткан.
Зарина Төрөкулова Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн 2023-жылы сентябда кармалган. Анда УКМК ал системалуу түрдө «жапырт башаламандыктар беренесине туура келе турган чагымчыл материалдарды жарыялап жүргөнүн» билдирген. Сот аны беш жылга эркинен ажыраткан.