«Таза иштегиле». Президент Акылбек Жапаров салык түзүмүндөгү алешемдик үчүн иштен алынганын айтты

Президент Садыр Жапаров минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровду салык кызматынын жетекчилери кармалганына байланыштуу иштен четтетүүгө аргасыз болгонун айтты.

Ал Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында Жапаровдун салык түзүмүндөгү мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калууга мүмкүнчүлүгү болгонун белгиледи.

«Анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок, өлкө бюджетин түзүүчү Салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейитти. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Бул Акылбек Үсөнбековичтин түздөн түз көзөмөлүндө болчу. Салык кызматынын жетекчилеринин кармалышы боюнча окуя тергелип жаткандыктан, кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум»,
— деди ал.

Президент министрлер тапшырмаларды ыкчам аткарганы үчүн жетишкендиктер болуп жатканын айтып, мында Жапаровдун да салымы бар экенин белгиледи.

Ал жаңы дайындалган өкмөт башчыны жана министрлерди таза иштөөгө чакырып, ага «көзү жетпесе азыртан арызын жазып, иштен кеткени оң экенин» эскертти.

«Биз да кетебиз. Мөөнөтүңөр бүткөндө сиздер да кетесиздер. Мамлекет, элибиз гана түбөлүк калат. Башкысы эл кызматына татыктуулар, чынчылдар, мекенчилдер келип, жалпы журтубузга ак кызмат кылып беришсе. Министрлерге айтаарым, араңарда мурдатан бери иштеп келгендер бар, ал заманды унуткула. Өз тармагыңарды ирээтке келтиргиле. Коррупциялык элементтерди, уурулукту түп тамыры менен жок кылгыла, таза иштегиле»,
— деди өлкө башчысы.