19-декабрда УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Жапаров атайын кызматтын Чүй облустук башкармалыгынын буга чейин өзүнүн имараты болбогонун айтып, бул калкы көп аймакта толук кандуу иш жүргүзүүгө кедергисин тийгизип келгенин белгиледи. Ошого ал 2022-жылы жаңы имарат курууну демилгелеп, аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз колуна алган.
«Бул заманбап имараттардын ачылышы менен коопсуздук кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдыгы артып, ички-тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулайт деп үмүт артам»,
– деди президент.
Имараттын жалпы аянты беш миң чарчы метрди түзөт. Бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган.
2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын имараттары жаңыланып, ачылыш аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыкталбайт.