❗️Парламент интернетте жалаа жапкандарга айып салган мыйзам долбоорун кабыл алды

Image descriptionДепутаттар Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында ЖМКда жана интернетте «жалаа жабуу, мазактоо» үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Ага 68 депутат макул, төрт депутат каршы добуш берди: Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев, Элдар Абакиров жана Жанар Акаев.

Ноябрдын аягында парламенттин Укук тартиби боюнча комитети мыйзам долбоорунун өзгөртүлгөн вариантын кабыл алган. Эми жалган маалымат тараткан адамдарга 20 миң сом, медиаларга 65 миң сом айып салынат.

Буга чейин кайсыл маалыматтын жалаа же мазактоо экенин Маданият министрлиги аныктай турганы айтылса, эми укук коргоо органдары аныктай турган болду.

Мыйзам долбоорун Маданият министрлиги сунуштаган. Бирок активисттер жана укук коргоо боюнча эл аралык уюмдар ал сөз эркиндигин чектей турганын айтышууда.