Нурланбек Шакиев жаңы Агартуу министрлиги түзүлөрүн айтты

Image descriptionЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кийинки жылы Билим берүү министрлиги экиге бөлүнүп, жаңы Агартуу министрлиги түзүлөт деп билдирди.

Анын айтымында, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнү Агартуу министрлиги, ал эми
жогорку окуу жайдагы билим берүүнү Билим жана илим министрлиги тескеши керек.

«Билим берүү министрлигине эки баштуу министр койсок да ишти алып кете албай жатат. Ошол багытта демилге көтөрүп, парламентте да айттым, министрликти бөлүш керек. Сапаттуу билим берүү болбосо, сапаттуу келечек болбойт. Мына ушул демилгени прездентибиз кубаттап, Жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат», — деди Шакиев.