Президент: Ар бир аял, бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч аракетти жумшайбыз

20-декабрда үчүнчү Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров аялдар менен балдарга болгон зордук-зомбулук маселесине токтолуп, мындай учурларга шалаакылык кылган күч кызматкерлери иштен ажырай турганын белгиледи.

«Мен аялдар менен балдарга болгон зордук-зомблукту терс кабыл алуу менен карайм. Буга жол бербешибиз керек. [..] Коомубузда ар бир аялзаты, ар бир бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч аракетти жумшоо биздин негизги милдетибиз болушу керек. Укук коргоо органдардын бирден бир ыйык милдети алсыздарды коргоо экенин эскертип келем»,
— деди ал.

Өлкө башчынын айтымында, буга чейин ал Эмгек министрлигине үй-бүлөнү бекемдөө үчүн сунуштарты берүүнү тапшырган.

Маалыматтарга ылайык, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — аялдар. Быйыл сегиз айда эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,1%га көп.