«Ушак-айың менен алмаштырбоо керек». Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин дагы бир жолу кайталады

Үчүнчү Элдик курултайдын делегаты Асылбек Абдыкадыров бир катар көзкарандысыз ЖМКга сөз берүүнү сунуштап, аларга өз пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, айрым басылмалар болуп жаткан «жакшы иштерди терс мааниде чагылдырып, коомдук пикирди бурмалоого аракет кылышат».

«Аларга да өз ойлорун айтканга ушул жерде трибунадан убакыт берип, ойлорун билип койбойлубу. Мисалы “Азаттык”, “Кактус”, “Политклиника” деген басылмалар. Ошол эле болуп жаткан иштерди туура маалымат менен элге түшүндүрүү жагы каралмак»,
— деди ал.

Курултайдын улуттук кеңешинин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев делегаттарды жөндүү сын-пикирлерин ачык айтууга чакырды.

Садыр Жапаров мындай сунуш киргизген делегатка эскертүү берген жок. Ал трибунада кимге сөз беришти делегаттар өздөрү чечиши керек деп эсептейт.

«Кандай гана маселе болбосун, трибунага чыгып ачык айткыла. Чапаныңарды эч ким чечип албайт. Бир тал чачыңар түшпөйт. Сөз эркиндиги бизде бар, болуп келген. Сөз эркиндиги менен ушак-айыңды, бирөөгө жалган жалаа жаап мазактоону, калп айтууну токтотсо эле, алмаштырып албаса эле болду. Так айткыла, факты менен айта бергиле»,
— деди президент.

Жапаров курултай делегаттар элдин оюн ачык айтсын деген максатта уюштурулганын белгиледи.

Буга чейин президент ЖМКнын айрым өкүлдөрүн «этият болууга», жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырган.

Жапаров үч жылдан бери жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрбөй келет. Былтыр ал журналисттер суроолоруна Элдик курултайда толук кандуу жооп ала алат деп билдирген.

Кыргызстан «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде 120-орунду ээледи. Freedom House укук коргоо уюму болсо Кыргызстанды төртүнчү жыл катары менен «эркин эмес» мамлекет деп тааныды. Amnesty International уюму кыргыз өкмөтү «коомдук сын-пикирди басууга багытталган кампанияны күчөткөнүн» билдирген.