«Азаттыктын» журналисттери түшүнүк кат жазгандан кийин милициядан чыкты

«Азаттык» радиосунун кызматкерлери Максат Кутманбеков менен Нурлан Бейшебаев Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн чыкты. Бул тууралуу редакциянын өзүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, журналисттер түшүнүк кат жазгандан кийин кое берилген.

Буга чейин милиция «Азаттыктын» кызматкерлерин камактагылардын жакындары чогулган Бишкектеги №1 тергөө абагынын жанынан алып кетишкен. Ага чейин журналисттер нааразылык билдирип чыккан жарандардын биринен интервью алышкан. Укук коргоо кызматкерлери ЖМК өкүлдөрүнөн тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң аларды милиция бөлүмүнө алып кеткен.

Бул боюнча комментарий берген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы соттун чечими менен Октябрь районунун аймагында митинг жана нааразылык акциясын өткөрүүгө тыюу салынганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, буга карабастан 23-декабрда адамдар тобу ТИЗО-1дин алдында уруксатсыз акция уюштурган.

«Алдын ала текшерүүнүн алкагында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн акциянын катышуучуларын, ошондой эле "Азаттык Медианын" журналисттерин бөлүмгө алып келишти. Маектешүү аяктагандан кийин алар бошотулду»,
— деп билдиришти мекемеден.