Президент мечиттерде имамдарга айлык бериле баштаарын билдирди

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда марттан баштап молдолорго сегиз миң сомдон айлык берилээрин, жыл соңуна чейин маяна 20 миң сомго жогоруларын айткан. «Кабар» агентиги буга каражат каяктан бөлүнөөрүн сурады.

Жапаровдун молдолордун айлык маянасы мамлекттик бюджеттен эмес, «мурда муфтият тараптан көңүл бурулбаган каражат булактарынан» каржыланат де билдирди. Бирок ал эмне болгон каражат булагы экенин так айткан жок.

«Дин тармагы мамлекеттик иштерге кийлигишпейт. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен акча бөлүп бере албайбыз. Бирок биз, мамлекет, колубуздан келишинче башка маселелерде муфтиятка жардам берүүгө даярбыз»,
— деди ал.

Президент мамлекеттин дин тармагына көңүл буруп жатканын башка динге же агымга кирип кеткендерди туура жолго салуу максаты менен түшүндүрдү.

«Чачыранды болуп жүргөн дин тармагы тартипке келет. Өзүбүз бир эле элбиз. Анан 15-20 агымга, кандайдыр бир башкача дин эрежелерине бөлүнүп жүрөбүз. Бул өтө уят жана опурталдуу нерсе»,
— деди ал.

Буга чейин белгисиз тараптан, кайрымдуулук катары аймактардагы райондук 20 имамга унаа берилип, дагы 20сына берилери айтылган.