Президент Садыр Жапаров соцтүйүн аркылуу элге кайрылуу жасап, таштандыны туш-келди ыргыткандарды тарбияга чакырууну суранды.
Ал эл арасында, айрыкча Бишкек, Ош шаарларында «кайдыгер, балит адамдар бар» деп белгилеп, шаар жетекчилери жөнөткөн видеону бөлүштү.
«Шаар жетекчилерин “тазалыкты начар кармайсыңар” деп урушам. Алар мага ушул видеону жөнөтүштү. Эмне деген адепсиздик? Таштанды челектер бош турат. Унаадан чыга калып таштанды челектин ичине салып коюш ошончолук кыйынбы?! Анан мэрлерди “таштандыны тазалап коюшпайбы, шарт түзүп беришпейби” деп сындасаңар жаныңарга киши тура албайт. Мына ушул видеону жакындатып карасаңар кимдер экенин кошуналары тааныйсыңар. Уяткарып, тарбиялап койбойсуңарбы?! Коомду жалгыз киши тарбиялай албайт. Коом өзүн өзү тарбиялаш керек»,
— деп жазды президент.