Президент кол койгон жарлыкка ылайык, анын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.
Анын ордуна Айбек Шаменов өлкө башчынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бекиди.
Шаменов буга чейин УКМК төрагасынын орун басары, атайын кызматтын алдындагы Терроризмге каршы күрөшүү борборун жетектеп келген.
51 жаштагы Абдикарим Алимбаев президенттин Баткендеги өкүлү болуп 2021-жылдан майынан бери иштеп келди. Ага чейин Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басары кызматтарын аркалаган.