Казакстанда учак кулады, ичинде 60тан ашык киши болгону айтылууда

Image description25-декабрда Актау шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган Azerbaijan Airlines учагы кулады, ичинде 62 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Грозный аэропортунун басма сөз кызматы, Баку — Грозный багыты боюнча кеттип барткан учак коюу туманга байланыштуу багытын өзгөртүп, Актауга аргасыз конгонууга уруксат сураганын билдирди.

«Казаэронавигация» кырсыкка учактын топ канатуулар менен кагышканы себеп болгонун билдирди.

Оруссиянын «Интерфакс» басылманын маалыматына ылайык, учакта Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстагдын алты, Кыргызстандын үч жараны болгон. Аман калган 25 киши ооруканага жеткирилди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсык боюнча азырынча билдирүү жасай элек.