Мурда жолдошу менен жашап жүргөндө зомбулукка кабылганын айткан Жылдыз Султанова ал азыр да артынан түшүп, жайына койбой жатканын билдирди.
Ал мурдагы күйөөсү аны орууканада жатса да аңдып, коркутуп жүргөнүн айтып арыз жазганын, аны милиция кызматкерлери алып кеткенин белгиледи.
Султанова мурда жолдошу уруп-сабаганы боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок эч кандай натыйжа болбогонун кошумчалады. Ал далил катары инстаграм барагына жолдошу сабагандан кийин тартылган сүрөттөрдү жарыялады.
Ошондой эле ал мурдагы күйөсү баласын багууга материалдык жардам көрсөтпөй жантканын, андан алимент өндүрө албай жүргөнүн белгиледи.
Жыл өткөн сайын өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү — аялдар. Быйыл сегиз айда эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,1%га көп.