Депутат Чойбеков шайлоодо добушун саткандарды айыпка жыгууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп, шайлоодо добушун саткандарды жазага тартууну сунуштады. Документ коомдук талкууга коюлду.

Мындай чара демократиялык процессти бекемөө, шайлоочулардын эркин тандоосун камсыздоо жана тургундардын добуш сатып алуу аракеттери тууралуу кабар берүүсүнө түрткү болуу максатын көздөйт.

«Шайлоодогу мыйзам бузуулар, анын ичинде добуш сатуу аракети, мамлекеттеги демократиялык негиздерге коркунуч туудурат. Бул аракеттер элдин чыныгы эркин билдирүүсүн бузуп, шайлоо системасына ишенимди төмөндөтүп, жемкорлуктун түптөлүшүнө себеп болот», — деп жазылат документтин түшүндүрмөсүндө.

Депутат добуш саткан шайлоочуларды 10 миңден 20 миң сомго чейин айыпка жыгуун сунуш кылууда. Айыппулдан тышкары 120 саатка чейин мажбурлап коомдук жумушка тартса болот.

Чойбеков шайлоочулар добушун сатып алууга аракет кылгандар тууралуу өз ыктыяры менен билдирсе, аларды жоопкерчиликтен бошотууну сунуштады. Алар бул тууралуу териштирүү башталганга чейин тиешелүү органдарга айтышы керек.

2019-жылы ушундай эле мыйзам долбоорун мурдагы депутат Аида Исмаилова сунуштап чыккан. Анда айып пулдун өлчөмү 20-30 миң сом деп белгиленген.