Казакстандын Актау шаарында болгон авиакырсыктан жабыркаган үч кыргыз жараны Бишкекке алынып келинди. Алар 30-декабрга караган түнү “Манас” эл аралык аэропортуна конгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Жабыркагандар тез жардам кызматы менен Улуттук госпиталга жеткирилип, жаткырылды. Учурда экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу жана оор делинип, жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган.
25-декабрда Актау шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган Azerbaijan Airlines учагы кулаган. Анда 62 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман калган.