Ысык-Көлдө селде жабыркагандарга жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

Image descriptionЫсык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагында болуп өткөн селден жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдүн ачкычы тапшырылганы туралуу маалымат Минкабдын сайтына жарыяланды. Иш-чарага минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Маалыматта Садыр Аке айыл аймагындагы жараксыз абалга келген 29 турак үйдүн ичинен 5 турак үй курулуп бүтүп, 3 жаран башка жерлерден курулган турак үйлөрдү сатып алганы, калган 21 турак үй курулуп жатканы айтылат.

Ысык-Көл облусунда 2024-жылдын 18-август күнү болжол менен саат 21:30 чамасында сел жүргөн. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Темир, Кашат, Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдары жабыркаган. Турак үйлөрдү, айдоо аянттарды, пансионаттарды ылай аралашкан суу каптаган.