Бишкектеги «Дордой» базарынын ишкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылып, патент системасын калтырууну өтүнүштү.
«30 жылдан бери иштеп келген патент системасы элге жаккан. Ошону калтырып берсеңиз. Салык кызматынын жаңы башчысы Алмамбет Шыкмаматов туура айтты: ЭТТК менен ЭЭФ кичи бизнести кыйнагандан башка эч нерсе алып келбейт, бул дагы коррупциянын бир түрү. Сизден патентти калтырып берүүңүздү өтүнөбүз»,
— дешти ишкерлер.
Буга чейин Минкаб ЭТТКны колдонуу тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзгөн.
ЭТТК толтуруу 2023-жылдын башынан бери милдеттүү болуп калган. Бирок бул талап жана салык тармагындагы башка жаңы эрежелер көп жолу соодагерлердин нааразылыгына себеп болгон.
Былтыр 23-декабрда парламенттин бюджет комитетинин жыйынында Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны салыктык жана бюджеттик негизги беш гана товар түрүнө калтырууну сунуштаган: мунай, спирт, алкоголь ичимдиктери, тамеки жана медициналык буюмдар. Ошондой эле ал ЭТТК шашылыш түрдө жана жетиштүү изилденбей киргизилгенин белгилеген. Кийинчерээк Минкаб ЭТТКны жокко чыгарбай, жөнөкөйлөтө турганын маалымдаган.