«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси мөөрүн жана бардык мүлктөрүн Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүп берди. Мындай билдирүү мекеменин Фейсбук баракчасына жарыяланды.
«2-январда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу “Маариф” түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик аталган фондго тиешелүү экенин билдиребиз»,— деп жазылган маалыматта.
Мекеме күн мурун «Сапатты» Түркиянын мамлекеттик «Маариф» фондуна өткөрүп берүү тууралуу кыргыз бийлигинин чечими боюнча билдирүү жасаган.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Сапат» билим берүү мекемеси 30-декабрда кайра каттоодон өткөн. Азыр анын негиздөөчүлөрүнүн катарында Кыргызстандын Билим берүү министрлиги, «Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары» акционердик коому жана Түркиянын «Маариф» фонду бар.
«Сапаттан» соңку өзгөртүүлөргө чейин мекеменин негиздөөчүлөрүнүн катарында Орхан Инанды, М.Ж. жана А.С. аттуу жарандар, ошондой эле Кыргызстандын Билим берүү министрлиги болгонун билдиришкен. Маалыматка ылайык, Орхан Инанды менен М.Ж. негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгып кеткен.
«Билим берүү министрлиги А.Сны да негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгаруу үчүн сотко кайрылып, алгачкы отурум 24-декабрга белгиленген. Бирок ал чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу отурум 21-январга жылдырылган. Тагыраагы, бүгүнкү күндө А.С. мыйзамдуу негиздөөчү бойдон калууда»,— деп жазылган «Сапаттын» 1-январдагы билдирүүсүндө.
Мекемеден «Сапатты» соттун чечимисиз эле «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөрүп берүү чечими «жетекчилик, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болгонун» белгилешкен.
Минкаб 31-декабрда «Сапат» билим берүү мекемелерин «Маариф» фондуна өткөрүп берүү чечими кабыл алынганын билдирген. Мекемеден бул чечим окуучулар менен студенттердин кызыкчылыктарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделгенин белгилешкен.