УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 1-январь күнү кечинде мамлекеттик органдар кийинки жылдан тарта жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүнү жана салют атууну токтотушу керектигин билдирди.
Ал мындай иш-чараларды өткөрүүнү максатсыз деп эсептейт.
«Жаңы жылда болжол менен 50дөн ашык мамлекеттик органда салют атылат экен. Буга кеткен каражатка жөнөкөй адамдарга, үйсүз жүргөн көп балалуу ата-энелерге, майыптарга жок дегенде үй алып берсе, 50 батир алып берип киргизип коюшмак. Мына азыр беш мүнөт аттык, акча да жок болду, элге да эч кандай пайдасы болгон жок», — деди Ташиев.
УКМК башчысынын эсеби боюнча, мамлекеттик органдар тарабынан 1000ге жакын жаңы жылдык корпоративдик кечелер өтөт.
«Алардын ар бирине 50дөн 500гө чейин адам топтолуп жатат. Бул деген эбегейсиз чоң чыгымдар. Эң эле минималдуу түрдө алганда бир корпоративге 10 миң доллардан акча кетсе, 1000 корпоративдик кече өткөрүү үчүн 10 миллион доллар акча кетет экен. Бул акчага 200 муктаж адамга батир алып берип коймокпуз», — деди Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы Жаңы жылда президенттин, Минкаб башчысынын жана парламент төрагасынын куттуктоосу эле жетерин, облус жетекчилери же акимдер өңдүү калган маморган башчыларынын куттуктоосу орунсуз экенин белгиледи.