Кызыл-Кыядагы мечиттен ымыркай табылды

Image descriptionБул тууралуу Баткен облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 3-январда «Аль-Гуфран» мечитинин имамы ак шейшепке оролгон ымыркайды тапкан.

Бала шаардык ооруканага жеткирилди — абалы туруктуу деп бааланууда. Ал эми милиция текшерүү ишин баштады.

«Клооптун» маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2010-жылдан 2024-жылга чейин 1000ден ашык наристеден «ата-энеси баш тартып же көчөгө ташталган». Ымыркайлар ажаканадан, таштанды челектен же талаа-түздөн табылган. Анын ичинен кеминде 44 бала чарчап калган.

Ал эми балдарын таштаган аялдар мындай аракетин күйөөсүнүн жоктугу же ата-энесинен корккону менен түшүндүргөн.