Бишкек: Унаалар жана от менен жылытылган үйлөр — ыштын негизги себептеринин бири

Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.  Алардын маалыматына ылайык, ыштын 29%ын көмүр менен жылытылган үйлөр жана желим менен кездеме калдыктарын өртөө, дагы 27%ын унаадан чыккан түтүн түзөт.

Министрлик майрам күндөрү тургундар шаардан чыгып кетип, унаалардын азайганынан улам калаадагы аба тазара түшкөнүн белгилеп, атайын видео жарыялады.

«Бул борбор калаада абанын булганышын азайтуу үчүн системалуу чараларды киргизүү керектигин көрсөтүүдө, анын ичинде транспорт агымын жөнгө салуу, экологиялык жактан таза отунга өтүү, көмүр менен жылытуу маселесин чечүү жана башка булгануу булактарын жоюу»,
— дешти мекемеден.

Соңку жылдары Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын рейтингинен түшпөй келет.

Ал эми былтыр Бишкекте дээрлик 420 миң унаа катталган — күнүгө шаарга кирип-чыккан унааларды эске алганда, жалпы саны 600 миңден ашат. Бул 350 миң унаага эсептелген борбор калаадагы жолдор үчүн эки эсе көптүк кылат.