Социалдык тармактарда мектеп окуучуларын бет талаштыра чапкан баланын видеосу тарады. Милиция окуя Бишкектеги мектептердин биринде болгонун, 9-класстын окуучусу өзүнөн бир жаш кичүүлөргө кол көтөргөнүн билдирди.
Ленин райондук милициясынын маалыматына ылайык, 9-класстын президенти кичүү класстын балдарына «тамеки чеккени үчүн» кол көтөргөнүн айткан.
Окуя боюнча мектеп жетекчилиги жана видеодогу бардык окуучулар, алардын ата-энелери милицияга чакырылган. Териштирүүдө акча талап кылуу аракети болбогону аныкталган. Ата-энелер балдарга кол көтөргөн окуучунун үстүнөн арыз жазуудан баш тарышканы айтылды.
Милиция топтолгон материалдарды балдар иштери боюнча комиссияга жөнөттү. Анын жыйынтыгында 9-класстагы окуучунун ата-энеси «ата-энелик милдеттерди аткаруудан качуу» беренеси боюнча жоопко тартылшы мүмкүн.