Парламент Кыргызстанда криптобанктарды ачуу жөнүндө мыйзам долбоорун карайт

Жогорку Кеңешке виртуалдык активдер тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору келип түштү. Анда өлкөдө криптобанктарды ачуу жана алардын ишине лицензия берүү сунушталууда.

Документ Минкаб тарабынан иштелип чыккан. Авторлордун айтымында, криптобанктарды киргизүү салык төлөмдөрүн көбөйтүп, экономикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга да жардам берет.

«Криптобанктарды түзүү — криптоактивдерди өлкөнүн салттуу каржы системасына интеграция кылуу үчүн зарыл. Криптобанк жарандардын жана бизнестин криптовалюталар менен коопсуз, жөнгө салынган жана ыңгайлуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт», — деп эсептейт демилгечилер.

Алардын айтымында, акыркы жылдары жеке жактардын да, юридикалык жактардын да арасында «криптовалюталарга болгон кызыгуунун өсүүсү байкалууда».

Мыйзам долбооруна ылайык, криптобанктарга тиешелүү лицензияларды Улуттук банк берет. Аны алгандан кийин банк виртуалдык активдерге байланышкан ишмердүүлүктүн бардык мыйзамдуу түрлөрү менен алектенүү укугуна ээ болот.