Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаракат алган аялды Ош облусундагы клиникалык ооруканага, кызын болсо облустар аралык балдар ооруканасына которууну тапшырды. Алар санитардык авиация аркылуу тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлү алдында Ошко алып келинет.
5-январда Баткендин Лейлек районуна караштуу Арка-2 айылындагы үйлөрдүн биринде снаряд жарылган. Үйдүн кожойкеси снарядды короосун жыйнап жатып, үйүлгөн эски темирлердин арасынан таап алган. Жарылуудан анын 12 жаштагы кызы да жаракат алган.
Чек ара кызматы Кыргызстандын укук коргоо органдары окуя тууралуу тажик тарапка маалымат беришкенин билдирди. Учурда окуя болгон жерде адистер кырсыктын жагдайларын аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жабырлануучулардын үйү 2022-жылдагы аткылоолор учурунда өрттөнүп кеткен.