Келиндин жаракат алып ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат Баткен облустук милициясына 31-декабрда түңкү саат бирлерге чукул келип түшкөн.
Окуя райондук милицияга каттоого алынып, жерине барган милиция кызматкерлери териштирүү жүргүзүп, тиешелүү экспертизаларды дайындаган.
Сурак учурунда жабырлануучунун 32 жаштагы жолдошу аялы менен пикир келишпестиктен уруша кеткенин айткан.
«Аял көрсөтмө берип өзүнө кол салганын, эч кимге арыз-доосу жок экенин билдирген. Учурда анын абалы туруктуу орто», — дешти милициядан. Учурда тергөө иши жүрүүдө.